“Борбордогу эскилиги жеткен турак жайлардан арылуу үчүн саясий эрк гана керек”, - деп билдирди депутат Өмүрбек Текебаев бүгүн, 16-июнда “Парламент” радиосуна курган маегинде. Анын пикиринде, жарандарды турак жай менен камсыздоо боюнча өкмөттүн стратегиялык программасы болуш керек.
"Бирок ал дээрлик жок. Архитектуралык өнүгүүнүн баш аламандыгы да көрүнүп турат. Бул жер тилкелеринин туш келди сатылып кеткендигине байланыштуу. Мындай көрүнүш Бишкек шаарынын чет-жакаларында эле эмес, борбордук бөлүгүндө да таасын байкалууда. Заманбап курулган көп кабаттуу үйлөрдүн тегерегинде чатыры кыйшайган, 1930-жылдары салынган бийиктиги 2 метрге жетип-жетпеген жепирейген тамдар бар. Алар борбордун архитектуралык көрүнүшүн бузууда. Мындан арылуу үчүн саясий эрк гана керек. Ошон үчүн бир канча депутаттан турган топ “Бишкек шаарынын тарыхый борборун реконструкциялоо жана өнүктүрүү жөнүндө” мыйзам долбоорун сунуштап отурат”, - дейт демилгечи депутаттардын бири Өмүрбек Текебаев.
Сунушталган мыйзам долбоору боюнча Бишкек шаарынын Карпинский, Линейная көчөлөрү, Жибек-Жолу кең көчөсү жана Жаш Гвардия бульвары менен чектелген бөлүгүндөгү эскилиги жеткен турак үйлөр шаар башкармалыгынын карамагына өткөрүлүш керек. Ал эми менчик ээлерине ошол турак жайынын аянты менен ага тиешелүү болгон жер тилкесин эсептеген көлөмдү эске алып, башка жерден үй берилүүгө тийиш. Болбосо мүлктүн орточо базар наркына дал келерлик компенсация төлөнүшү кажет. Ал көз карандысыз риэлторлор аркылуу жүргүзүлөт.
“Орточо базар наркы дегенибиздин да жөнү бар. Себеби барак тибиндеги үйлөрдүн ээлери бири азыраак баа сураса, кай бирлери андан 3-4 эсе жогорку бааны талап кылышат. Бул жерде кызыл кулактык кылууга жол берилбеш керек. Менчикке болгон укук абсолюттуу эмес. Чет өлкөлөрдүн тажрыйбалары буга мисал. Биздин Конституцияда деле менчикти мамлекеттин эсебине алуунун бир нече түрү көрсөтүлгөн”,- дейт демилгечи депутат.
Ошондой эле эл өкүлү: “Ак үйгө аймакташ жайгашкан 2 кабаттуу эски үй баасын күтүп дагы деле турат. Буга көз жумуп койбой, ал жерге сейил бак салып койсо болмок. Ал эми жогоруда даректери аталган төрт негизги көчөнүн 1,5 миң гектарды түзгөн аянтындагы 3314 үйдү бир эле мезгилде менчик укугунан ажыратып коюу мүмкүн эмес. Бул этап-этабы менен жүрө турган процесс”, - дейт.
Ошол эле уктурууга катышкан “Мамлекеттик ипотекалык компания” ачык акционердик коомунун өкүлү Нуржигит Үсөнакун уулу: “Жеке жер тилкелери бар жарандар үй салабыз дешсе же алардын бүтпөй турган үй курулуштары болсо, аларга мамлекеттик шартта ипотекалык насыя берүүнүн жолдору каралган. Бул багытта иштеп жаткан насыялоонун жаңы модели бар. Андан тышкары аймактарда дагы көп кабаттуу үйлөрдү ипотекалык шарт менен куруунун жол-жобосу каралган”, - деди.
"Ипотекалык насыяга алынып жаткан үйлөр милдеттүү түрдө камсыздандырууга жатат. Азырынча жеңилдетилген шартта насыяга бериле турган үйлөр мамлекеттик структурада иштеген жарандарга гана тиешелүү. Акырындап мындай мүмкүнчүлүк менчиктин башка формасында иштеп жаткан өкүлдөр үчүн да түзүлө тургандыгын билдирмекчибиз", - дейт Үсөнакун уулу.