Энергиянын кайра жаралуучу булактары чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизилди

Өлкө башчы Алмазбек Атамбаев “Энергиянын кайра жаралуучу булактары чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол койду.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2016-жылдын 21-майында кабыл алынган.

Кыргыз Республикасында энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдаланууга байланыштуу маселелерди мындан ары укуктук жактан регламенттөө мыйзамдын максаты болуп саналат.

Мыйзам Жер кодексине, Суу кодексине, “Кыргыз Республикасындагы табигый монополиялар жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы жөнүндө” мыйзамдарга өзгөртүү киргизет.

Президенттик аппараттан мыйзам расмий жарыялангандан кийин он күн өткөн соң күчүнө кирерин билдиришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан