"Өлкө башчы, парламент жана өкмөт 2017-жылы президенттик шайлоону таза өткөрүү үчүн бардык
күч-аракетин жумшап жатат". Бул тууралуу бүгүн, 17-июнда "Демократияны өнүктүрүү: Шайлоо өнөктүктөрүнүн тажрыйбасы, шайлоо жүрүмүндөгү мыйзамдар менен жаңы технологиялардын ролу" Эл аралык конференциясында Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков билдирди.
Анын айтымында, шайлоонун ийгиликтүү өтүшүнөн өлкөнүн туруктуу саясий өнүгүүсү көз каранды. "Шайлоону өткөрүүдө биз эл аралык өнөктөштөрдүн колдоосуна жана жардамына ишенебиз. Былтыр өткөн парламенттик шайлоодо заманбап технологиялар колдонулган. Бүгүнкү күндө дүйнөнүн көптөгөн мамлекеттери жакын арада биометрикалык паспортторго өткөнү жатышат. Мындай пландар эл аралык экстремизм жана терроризм менен күрөшүүгө керектүү. Мындан тышкары жарандардын биометрикалык маалыматтарын туура колдонуу бир топ мамлекеттик маселелерди ыкчам чечүүгө мүмкүнчүлүк берет. Ошондой эле биометрикалык маалыматтардын шайлоо процессиндеги идентификациялоодо ролу жогору", - деди Турсунбеков.
Айта кетсек, эл аралык иш-чарага Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин парламенттик делегациялары, депутаттар, өкмөт мүчөлөрү, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, эксперттер менен окумуштуулар катышууда.
Иш-чаранын жүрүшүндө "Бийликтин мыйзам чыгаруу органдарынын демократиялык коом институттарын өнүктүрүүдөгү ролу", "КМШ мамлекеттеринде демократиянын курулушуна 25 жыл: Сабактар жана келечек" сындуу парламентаризмди калыптандыруу жана парламенттик шайлоолорду жаңы шартта, жаңы нукта өнүктүрүү багытындагы бир катар баяндамалар угулмакчы.