Судьяларды тандоо кеңеши тарабынан президент Алмазбек Атамбаевге Ош облустук сотунун (5 адам), Жалал-Абад облустук сотунун (2 адам), Ысык-Көл облустук сотунун (2 адам), Нарын облустук сотунун (3 адам) жана Чүй облустук сотунун (1 адам), ошондой эле Бишкек шаардык сотунун (1 адам) судьялык кызматтарына дайындоо үчүн 14 талапкер боюнча сунуштар киргизилген.
9-июнда мамлекет башчысы айрым талапкерлер менен сүйлөшүп, анын жыйынтыгын жана кошумча алынган маалыматтарды эске алуу менен президент аталган кеңештин 10 талапкер боюнча сунуштарына макулдугун берди. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Талапкерлердин материалдарын, ар кайсы мамлекеттик органдардан кошумча алынган маалыматтарды иликтөөнүн натыйжасында мамлекет башчы 4 талапкер боюнча материалдарды Кыргыз Республикасынын Судьяларды тандоо кеңешине кайтарып берди.
Буга байланыштуу Алмазбек Атамбаев эки жарлык чыгарды.
Биринчи жарлык менен сынактардан тандалган 10 талапкер Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык мөөнөт менен жергиликтүү соттордун судьялык кызматына дайындалышты.
Экинчи жарлык менен дайындалган 10 судья судьялык ыйгарым укуктарын аткаруу үчүн Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл жана Нарын облустук сотторуна, ошондой эле Бишкек шаардык сотуна жиберилди.
Ош облустук сотуна:
Замирбек Атаев;
Заурбек Жунусов;
Мыктыбек Касымалиев;
Назымбек Матраимов.
Жалал-Абад облустук сотуна:
Бакыт Калыков;
Бактыбек Султанканов.
Ысык-Көл облустук сотуна:
Гүлбара Кудабаева;
Анара Өмүралиева.
Нарын облустук сотуна:
Майрагүл Дүйшөнбекова.
Бишкек шаардык сотуна:
Салтанат Бектемирова.