Алмазбек Атамбаев Темир Жумакадыров менен укук коргоо органдарын реформалоого байланыштуу маселелерди талкуулады

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 17-июнда өлкөнүн Коргоо кеңешинин катчысы Темир Жумакадыровду кабыл алды. Жолугушууда мамлекет башчы коргонуу саясатынын биринчи кезекте өлкөнүн Куралдуу күчтөрүн өнүктүрүүгө жана чыңдоого тиешеси бар негизги милдеттерин турмушка ашыруу боюнча Коргоо кеңеши аткарып жаткан иштер тууралуу маалымат алды.

Темир Жумакадыров ошондой эле өлкөнүн улуттук коопсуздугун камсыз кылууга жана антитеррордук чараларды күчөтүүгө багытталган иштер тууралуу да баяндама жасады.

Андан тышкары Алмазбек Атамбаев жана Темир Жумакадыров коррупцияга каршы күрөшүүгө жана өлкөнүн укук коргоо органдарын реформалоого байланыштуу маселелерди да талкуулашты. Бул тууралуу президенттик аппараттан кабарлашты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан