Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков бүгүн, 17-июнда Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Парламенттер аралык ассамблеясынын кеңешинин башкы катчысы Алексей Сергеевди кабыл алды.
Тараптар "Демократияны өнүктүрүү: Шайлоо өнөктүктөрүнүн тажрыйбасы, шайлоо жүрүмүндөгү мыйзамдар менен жаңы технологиялардын ролу" темасында өткөн эл аралык конференциянын маанисин жана анын актуалдуулугун белгилешти.
Ошондой эле Чыныбай Турсунбеков менен Алексей Сергеев ассамблеянын алкагында алдыда өтө турган иш-чаралар, анын ичинде 2017-жылдагы КМШ ПААнын 25 жылдыгына арналган иш-чаралар боюнча пикир алышты.
Мындан сырткары жолугушуунун жүрүшүндө Жогорку Кеңештин КМШ ПАА менен кызматташуусун бекемдөөнүн зарылдыгы белгиленди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдирди.