Коргоо кеңеши Каржы министрлигинин башкаруунун коррупцияга каршы модели боюнча ишин канааттандырарлык деп тапты

Каржы министрлигинин башкаруунун коррупцияга каршы моделин ишке киргизүү боюнча иши канааттандырарлык деп бааланды. Мындай чечим 16-июнда Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин жыйынында кабыл алынганын аталган мекемеден кабарлашты.

Жыйында Каржы министрлигинде башкаруунун коррупцияга каршы моделин ишке киргизүү боюнча иш-чаралардын жаңыланган планынын аткарылышына байкоо жүргүзүү маселеси каралды. Аталган план 5 коррупциялык чөлкөм боюнча коррупцияга каршы чараларды камтыйт. Алар: "Бюджеттик процесс", "Дем берүүчү гранттар", "Экономиканы өнүктүрүү мамлекеттик фонду", "Баалуу металлдар департаменти" жана "Мамлекеттик сатып алуулар".

Азыркы учурда планда каралган 39 иш-чаранын ичинен 25и аткарылды, аткаруу процессинде 13 иш-чара турат, 1 иш-чара жарым-жартылай аткарылды.

Байкоо жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча 5 коррупциялык чөлкөмдүн ичинен толугу менен бюджеттик процесс, дем берүүчү гранттар жана мамлекеттик сатып алуулар системи боюнча иш-чаралар аткарылды.

Тактап айтсак, Кыргыз Республикасынын Бюджет кодекси кабыл алынды, дем берүүчү гранттар боюнча долбоорлорду кабыл алуу, тандоо жана ишке ашыруу жол-жоболору иреттештирилип, автоматташтырылды. 2016-2020-жылдарга мамлекеттик сатып алууларды өнүктүрүү программасы иштелип чыкты.

"Экономиканы өнүктүрүү мамлекеттик фонду" жана "Баалуу металлдар департаменти" боюнча
иш-чаралар жарым-жартылай аткарылды. Алсак, Экономиканы өнүктүрүү мамлекеттик фондун корпоративдик башкаруунун функциялары бар Байкоочу кеңешин камтыган агенттикке өзгөртүү маселеси боюнча Коргоо кеңешинин эксперттери менен министрликтердин адистеринин көз караштары айырмаланып жатат. Бул маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги мамлекеттик органдын башкаруу функциялары бар Байкоочу кеңешин түзүү мыйзамдуулукка дал келбейт деген эскертүү катын жиберген.

Баалуу металлдар жана зер буюмдар рыногун жөнгө салуунун коррупцияга каршы модели боюнча, атап айтсак, Евразиялык экономикалык биримдигинин мыйзамдарынын ченемдерин эске алуу менен баалуу металлдарды жүгүртүү боюнча көзөмөл жүргүзүү механизмдерин оптималдаштыруу боюнча маселелерди кайра иштеп чыгуу сунушу айтылды.

Жыйындын соңунда Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңеши мамлекеттик органдардын, бизнес коомчулугунун жана эксперттердин сунуштарын эске алуу менен Экономиканы өнүктүрүү мамлекеттик фондун жана Баалуу металлдар департаментин кайра түзүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдеринин иштелип чыккан долбоорун 2 аптанын ичинде сунуштоо чечими кабыл алынды.

Ошону менен бирге жыйында мамлекеттик сатып алуулар системи коррупциялык тобокелчиликтерди толугу менен жойбой жатат деген сунуш айтылып, буга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин жумушчу тобунун алкагында коррупциялык тобокелчиликтерди азайтуу үчүн мамлекеттик сатып алуулар системин өзгөртүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу чечими кабыл алынды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан