Евразия экономикалык биримдигинин соттук кызматына дайындалган депутат Галина Скрипкинанын депутаттык мандаты Ирина Карамушкинага берилет. Бул тууралуу чечим бүгүн, 17-июнда Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын жыйынында кабыл алынды.
Фракция лидери Иса Өмүркуловдун айтымында, фракциянын курамында аял депутаттардын саны азаюуда. "Жакында фракциялашыбыз Ашэра Халикова өз ыктыяры менен депутаттык мандатын тапшырган. Ал эми Галина Скрипкина Евразия экономикалык биримдигинин судьясы болот. Анын ордуна Ирина Карамушкина боло алат, бирок Карамушкинанын Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнө талапкерлигин кайтарып алышыбыз керек. Ошондуктан БШКнын мүчөлүгүнө Адилет Сатыгуловдун талапкерлигин сунуштаймын", - деди Өмүркулов.
Айта кетсек, И.Карамушкина КСДП фракциясы аркылуу Жогорку Кеңештин V чакырылышына депутат болуп шайланган.