Вице-спикер Өмүрбекова: “Өлкөдөгү парламенттик демократия кыйынчылыктарга карабастан бекемделет”

Кыргыз Республикасындагы парламенттик демократия кыйынчылыктарга карабастан бекемделет. Мындай пикирин бүгүн, 17-июнда Жогорку Кеңешинин төрагасынын орун басары Алтынай Өмүрбекова "Демократияны өнүктүрүү: Шайлоо өнөктүктөрүнүн тажрыйбасы, шайлоо жүрүмүндөгү мыйзамдар менен жаӊы технологиялардын ролу" темасында өтүп жаткан эл аралык конференциянын жүрүшүндө билдирди.

Анын айтымында, Кыргыз Республикасынын парламентинин алдында өлкөдөгү парламентаризм системин бекемдөө, өнөктөш өлкөлөрдүн мыйзам чыгаруу органдары менен тажрыйба алмашуу жана чет мамлекеттердин парламенттери менен көп тараптуу дагы, эки жактуу дагы кызматташууну өнүктүрүү милдети турат.

Вице-спикер өтүп жаткан эл аралык конференция актуалдуу экенин жана анда коюлган маселенин өзү эле кызыгууларды жаратарын белгиледи. “Коомчулук алдында демократиялык мамлекет куруу маселеси ар дайым биринчи орунда турат. Демократиялык коомчулукта шайлоолорду ачык-айкын өткөрүү маанилүү”, - деди Өмүрбекова.

Айта кетсек, Бишкекте “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында "Демократияны өнүктүрүү: Шайлоо өнөктүктөрүнүн тажрыйбасы, шайлоо жүрүмүндөгү мыйзамдар менен жаӊы технологиялардын ролу" темасында эл аралык конференция өтүп жатат. Иш-чарага КМШнын Парламенттер аралык ассамблея кеңешинин башкы катчысы Алексей Сергеев, Жогорку Кеңештин депутаттары, КР Өкмөтүнүн мүчөлөрү, Орусия, Казакстан, Азербайжан, Тажикстан, Армения жана Болгариянын борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү, ошондой эле илимий чөйрөнүн жана жарандык коомчулуктун өкүлдөрү катышууда.

Конференцияда бийликтин мыйзам чыгаруу органдарынын демократиялык коом институттарын өнүктүрүүдөгү ролу, мамлекеттик түзүлүштүн жаңы этаптарында шайлоо жана референдумдарды уюштуруу жана өткөрүү маселелери талкууланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан