Кыргыз Республикасы КМШнын ичинде биометрикалык маалыматтарды колдонуу менен шайлоону ийгиликтүү өткөргөн биринчи мамлекет экени айтылды

Кыргыз Республикасы Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн арасында жарандардын биометрикалык маалыматтарын колдонуу менен парламенттик шайлоону ийгиликтүү өткөргөн биринчи мамлекет. Бул тууралуу бүгүн, 17-июнда "Демократияны өнүктүрүү: Шайлоо өнөктүктөрүнүн тажрыйбасы, шайлоо жүрүмүндөгү мыйзамдар менен жаңы технологиялардын ролу" темасында өтүп жаткан эл аралык конференцияда КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясынын кеңешинин башкы катчысы Алексей Сергеев билдирди.

Анын айтымында, 2014-жылы Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Асылбек Жээнбеков Кыргыз Республикасында парламенттик шайлоону ийгиликтүү өткөрүү республиканын демократиялуу мамлекет катары жетилгендигинин сынагы болуп калат деп белгилеген. “Кыргыз мамлекети КМШ өлкөлөрүнүн арасында жаңы технологияларды - биометрикалык маалыматтарды колдонуу менен парламенттик шайлоону өткөргөн биринчи мамлекет болуп, бул сынактан ийгиликтүү өттү. Эл аралык байланыштарды жандандыруу КМШга мүчө мамлекеттердин ишмердүүлүгүнүн ар кандай чөйрөсүндөгү биргелешкен чечимдер менен алакалардын кабыл алынышына көмөктөшүп турат. Өтүп жаткан эл аралык конференция биздин мамлекеттердин маанилүү окуяларынын бири болуп калды. Биз КМШ өлкөлөрүнүн көз карандысыздык мезгилине жыйынтык чыгарып, биргелешкен келечектүү кадамдарды аныкташыбыз зарыл”, - деди Сергеев.

Айта кетсек, аталган конференцияга Жогорку Кеңештин депутаттары, өкмөт мүчөлөрү, Орусия, Казакстан, Азербайжан, Тажикстан, Армения жана Болгариянын Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү, ошондой эле илимий чөйрөнүн жана жарандык коомчулуктун өкүлдөрү катышып жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан