Бүгүн, 17-июнда Жогорку Кеңештеги “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын жыйынында “Кыргыз темир жолу” ишканасын жүк ташуучу вагондор менен камсыз кылуу жана “Кристалл” ишканасынын балансындагы темир жолдорду “Кыргыз темир жолунун” балансына өткөрүп берүү маселелери каралды.
“Кыргыз темир жолу” ишканасынын башкы директору Алмазбек Ногойбаев СССР маалында бул ишканада 2300 вагон бар болсо, бүгүнкү күндө 616 вагон калганын, калгандарынын колдонуу мөөнөтү бүтүп, колдонуудан чыгарылганын, жүк ташууда вагон менен камсыздоо республиканын түштүк аймагында 30-50 пайыз экенин маалымдады. Бүгүнкү күндө ишкананын вагон паркын толуктоо максатында Кыргыз-Орус фондунан насыя алып 100 вагон сатып алуу боюнча иш жүрүп жатат.
Талкуунун жүрүшүндө депутат Абдыкапар Султанов учурда “Кыргыз темир жолундагы" вагон жетишсиздиги көйгөй жаратып, коңшу мамлекеттерге ири көлөмдө көмүр экспорттоого кедергисин тийгизип жатканын баса белгиледи.
Депутат Камчыбек Жолдошбаев ишкана тарабынан темир жолдун чирип бүткөн шпалдары алмаштырылбай жатканын, күйүүчү май баштаган айрым товарларды жогорулатылган баада сатып алып жатканын, ички жүк ташууларда, маселен, көмүр ташууда жолдо уурдоолор бар экенин тизмектеп, “Кыргыз темир жолунун” жетекчилигин сынга алды.
Депутат Абумажит Юсуров темир жол транспорттун пайдалуу түрлөрүнүн бири экенин, түштүк аймакта вагондор менен камсыздоого суроо-талап бар экенин, вагондор сатылып алынса, алар өзүн өзү тез эле актаарын айтып, вагон сатып алууга эмне тоскоол болуп жатканына кызыкты.
Жыйынга чакырылган Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун директорунун орун басары Мурадил Жумадилде уулу “Кристалл” ишканасынын балансындагы темир жолдорду “Кыргыз темир жолунун” балансына өткөрүп берүү боюнча өкмөттүн 2015-жылдагы тапшырмасы аткарылбай келе жатканын маалымдады. Фракция депутаттары “Кыргыз темир жолу” ишканасы 100 пайыз мамлекеттики болсо, “Кристалл” заводуна баруучу 6 темир жолдун жери мамлекетке таандык болсо, анда эмне үчүн ал “Кыргыз темир жолунун” балансына өткөрүлүп берилбей жатканын такташты.
Жыйынтыгында өкмөткө “Кыргыз темир жолу” ишканасын жүк ташуучу вагондор менен менен камсыз кылуу мүмкүнчүлүгүн кароо, бул ишкананы өнүктүрүү максатында жыл ичинде тапкан пайдасын толугу менен өзүнө калтыруу тапшырмалары берилди. Ошондой эле “Таш-Көмүр” станциясындагы темир жол бекетинин имаратын жана 2, 3, 4, 5, 9, 10 темир жолдорун “Кыргыз темир жолу” ишканасынын балансына өткөрүп берүү жагы дагы аткаруу бийлигине жолдонду.