Өкмөт "Кумтөр" тууралуу билдирүү жасады

Мамлекеттик органдар тараптан "Кумтөр" кениндеги үзгүлтүксүз иш боюнча кабыл алынган чаралар "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коомун экологиялык талаптарды сактоо боюнча милдеттенмелерден бошотпойт. Мындай билдирүүнү 17-июнда өкмөттүн басма сөз кызматы жарыялады. Анда төмөнкүлөр жазылган:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин "Кумтөр Оперейтинг Компани" жана "Кумтөр Голд Компани" ишканаларына карата
айлана-чөйрөнү булгоосу үчүн акы төлөө жөнүндө доосу боюнча Бишкек шаардык райондор аралык сотунун 2016-жылдын 3-июнундагы аныктамасына ылайык, камсыздоо чаралары кабыл алынды.

Алардын катарында мамлекеттик органдарга экологиялык жана техногендик кесепеттерди болтурбоо максатында "Кумтөр" кениндеги үзгүлтүксүз ишти камсыздоо боюнча бардык тийиштүү чараларды кабыл алуу, анын катарында экологиялык жана өнөр жай коопсуздугун жана жер казнасын коргоону камсыздоо боюнча чараларды өткөрүү тапшырылган.

Жогоруда көрсөтүлгөн абалды эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык, мамлекеттик органдар тараптан ишкананын ишин улантуу үчүн зарыл болгон сот чечимин аткаруу боюнча чаралар кабыл алынат.

Мында сот чечимин аткаруу боюнча чаралардын кабыл алынышы "Кумтөр Оперейтинг Компани" ишканасы экологиялык талаптарды аткаруу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги тараптан көрсөтүлгөн чаралардын аткарылышы боюнча милдеттенмелеринен бошотпойт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан