11-июлдан тартып Евразиялык экономикалык биримдиктин эксперттери Кыргыз Республикасындагы ветеринардык тармактын абалы менен таанышат. Бул тууралуу бүгүн, 20-июнда өкмөттөн кабарлашты. Чек арадагы ветеринардык көзөмөлдөрдү алууга көрүлгөн даярдыктар боюнча инспекциялык иштер жүргүзүлөрү, буга байланыштуу Ветеринардык жана фитосанитардык инспекциянын башчысы Калысбек Жумаканов Талас облусунда иш сапары менен болгону айтылды.
"Инспекция башчысы жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте ишке ашырылып жаткан реформалардын абалынан маалымат алды. Чек ара ветеринардык көзөмөл постторунда болуп ЕАЭБдин талаптарына карата даярдыктар менен таанышты. Кыргыз Республикасындагы ветеринардык кызматтын эл аралык деңгээлге алып чыгуу максатында бир катар жаңыча багыттагы реформалар талап кылынат", - деп айтылат маалыматта.