Өкмөттүн Таластагы өкүлү Байышбек Жуманазаров кызматынан кетти
Талас облусунун башчысы Байышбек Жуманазаров кызматынан кетти. 20-июнда SUPER.KG порталына облустук администрациядан кабарлашкандай, Жуманазаров кызматтан өз каалоосу менен жазган арыздын негизинде бошотулду.
Жуманазаров аталган кызматка 2015-жылдын 27-майында ошол кездеги өкмөт башчы Темир Сариевдин буйругу менен дайындалган.