Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы комитетинде бюджеттин насыя каражаттарын берүү жана кайтаруу тартибин кайрадан ыраатташтырууга багытталган мыйзам долбоору каралып, анын концепциясы добуш берүүгө жөнөтүлдү.
Демилгечилердин бири депутат Айтмамат Назаровдун айтымында, мыйзам долбоорунда бюджеттик насыяларды берүү талабы каралган. "Насыялык карызы бар тармактарды мамлекет тарабынан каржылабоо талабы киргизилүүдө. Ал эми Каржы министрлиги мындай талапты мөөнөтү өтүп кеткен карызы бар жактарга карата гана колдонуу өтүнүчүн билдирди", - деди ал.
Андан сырткары бюджеттик насыя карыздарынын ар бири өзүнчө мыйзам түрүндө Жогорку Кеңештин макулдугу менен гана кечилери, ал эми насыянын эскирүү мөөнөтү таптакыр алынып салына турганы белгилүү болду.
Депутат Таабалды Тиллаев көп жылдардан бери энергетика тармагындагы уурдалган каражаттын ордун элдин эсебинен толтуруп келе жатканын эсе салды. "Эгемендикке ээ болгондон бери энерготармакка 99 миллиард сом насыя берилиптир. Биз мындай кадам менен калктын чөнтөгүндөгү акчаны ууру-кескилердин чөнтөгүнө салып берип, ал тармакты өлүмтүк абалга жеткирдик", - дейт эл өкүлү.
Мыйзам долбоорун колдогон каржы министри Адылбек Касымалиев Кыргыз Республикасынын соңку тарыхында мамлекеттик насыяны кайтаруу механизми киргизилип жатканын белгилеп, мыйзам долбоорунун демилгечилерине ыраазычылык билдирди.
Мамлекеттик өнүктүрүү фондунун директору Жусупали Төрөмаматов ушул тапта көптөгөн бюджеттик каражаттар кайра кайтарылбай жатканын белгиледи. "Мисалы, өнөр жай тармагына 136 миллиард 227 миллион сом берилсе, 41 миллиард 512 миллион сом кайтарылган, энергетика тармагына 107 миллиард 787 миллион сом берилсе, 25 миллиард 750 миллион сом кайтарылган. Транспорт тармагына 6 миллиард 408 миллион сом берилсе, 3 миллиард 938 миллион сом кайтарылган, банктарга берилген 8 миллиард 151 миллион сомдун 5 миллиард 646 миллион сому гана кайтарылган. Карыздардын 80 пайызы энерготармакка тиешелүү", - дейт ал.