Казакстандын Тараз шаарына жасаган иш сапарынын алкагында Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев Тараз шаарынын мэри Нуржан Календеров менен жолугушуп, эки тарап кызматташуу боюнча протоколго кол коюшту.
Жолугушууда Тараз шаарынын мэри облустук борбордун социалдык-экономикалык өнүгүшү жана Кыргыз Республикасы менен ар кайсы багыттагы шериктештиги тууралуу маалымат берди.
"2015-жылы Жамбыл облусунун Кыргыз Республикасы менен болгон соода жүгүртүүсү 6,6 миллион долларды түздү. Үстүбүздөгү жылдын биринчи кварталында эле биздин облуска 2,4 миллион долларлык товар импорттолуп, 2,7 миллиондук товар экспорттолду. Казак-кыргыз бир тууган деп байыртан айтылып келет. Маданият, тил, каада-салт жактарынан эки улуттун окшоштуктары абдан эле көп. Кыргыз мамлекетинин түштүк борбору менен Тараз шаары өз алдынча кызматташууга даяр", - деди Н.Календеров.
Ал эми Кадырбаев Кыргыз Республикасы менен Казакстандын тышкы соода жүгүртүүсү 905 миллион долларды түзсө, анын ичинде Ош шаарыныкы 13,3 миллионду түзөрүн баса белгиледи.
"Биз президент Нурсултан Назарбаевге казак тараптын каржылоосу менен мектеп-интернат куруу боюнча чечимине ыраазычылык билдиребиз. Заманбап шарттары менен курулган 500 орундуу мектеп сентябрь айында ачылат. Үч миң жылдык Ош шаары миң жылдык Тараз шаары менен тыгыз кызматташып, эки тараптын мамилесинин өнүгүшүнө мындан ары бардык аракеттер жумшалат", - деп билдирди Кадырбаев.
Эки тараптуу жолугушуунун алкагында шаар мэри Кадырбаев Тараз шаарынын жетекчисин 5-октябрда өтө турган Ош шаарынын күнүнө чакырды.