Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 20-июнда Орусиянын президенти Владимир Путинге Орусия Федерациясынын Карелия Республикасында балдардын курмандыгына алып келген кырсыкка байланыштуу көңүл айтты. Мамлекет башчысы кыргыз элинин жана жеке өзүнүн атынан курман болгондордун үй-бүлөлөрүнүн азасын бөлүшүү менен аларды кайрат кылууга чакырды. Маалыматты президенттик аппараттан кабарлашты.
Эскерте кетсек, 19-июнда Сямозеро көлүндө мугалимдер жана окуучулар бараткан эки кайык оодарылып, 14 адам каза болгон. Алардын 13ү балдар.