Бүгүн, 20-июнда Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралып, жактырылды.
Биринчи вице-премьер министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин айтымында, мыйзам долбоору жер тилкесинин аянтына жана айыл чарбалык жерлердин түрүнө жараша камсыздандыруу төгүмдөрүнүн коюмдарын ажырымдап бөлүү максатында сунушталган жана камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөдө баарына тең, бирдей шарттарды камсыз кылууга багытталган. Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөдө айыл чарба жерлери 3 градацияга бөлүнгөн болсо, сунушталып жаткан мыйзам долбоорунда 13 градацияга бөлүнгөн. Мыйзам долбоорунун кабыл алынышы менен азыраак жер үлүштөрү бар дыйкан-фермелердин кызыкчылыктары эске алынат. Төлөгөн камсыздандыруу төгүмдөрүн эске алынып, пенсиянын дифференциялуу өлчөмү менен пенсиялык камсыздоо деңгээли жогорулатылат.
Жыйынга катышып отурган депутат Кенжебек Бокоев жери бар пенсионерлер менен соода түйүнү бар пенсионерлер камсыздандыруу төгүмүн төлөөдөн бошотуларын тактады. Ошону менен катар жер-жерлерде орточо айлык акы кен иштеткен жерлердеги айлык акылар алынып салынып эсептелип чыккандыгы белгилүү болду. Орточо айлык акы эми Статистика комитети тарабынан аныкталат. Жер үлүшү бар, эч жерде иштебеген жарандарга дагы пенсия төлөө маселеси так жазылган. 13 градациянын киргизилиши менен жер-жерлерде камсыздандыруу төгүмүн төлөө ар башкача болору депутат Токтосун Каримовдун суроосуна жооп катары айтылды.
Жыйынтыгында аталган мыйзам долбоору депутат Мирлан Бакиров баштаган депутаттар тобу иштеп чыккан мыйзам долбоору менен бириктирип алып чыгуу маселеси 2-окууда жүргүзүлмөй болуп, концепциясы жактыруу чечими кабыл алынды.