"Кумтөр" долбоорунун келишимдеринин мыйзамдуулугу боюнча "Центерра Голд Инк." ишканасынын билдирүүсү

Массалык маалымат каражаттарында жакында тараган маалыматтардан "Центерра Голд Инк." ишканасына КРнын Башкы прокуратурасынын "Кумтөр" боюнча мурдагы келишимдердин мыйзамдуулугун кайра карап чыгуу ниети жөнүндө маалым болду. Бул суроо боюнча жаңылыш пикир же түшүнбөстүктөрдүн алдын алуу үчүн "Центерра" өзүнүн так позициясын билдирүүнү туура көрдү.

"Кумтөрдүн" ишин жөндөөчү 2004-жылкы келишимдер "Кумтөр" кенинин менчиктигин кайра түзүмдөштүрүүнүн жыйынтыгынан келип чыккан. Ошондогу процесстин жүрүшүндө КРнын атынан көз карандысыз, эл аралык финансы жана юридикалык кеңешчилер ишке тартылган. Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкы менен Эл аралык финансы корпорациясы сыяктуу эл аралык финансы уюмдары да бул кайра түзүмдөштүрүүдө негизги роль ойногон.

2004-жылкы келишимдердин ордуна 2009-жылдагы кайра каралган долбоордук келишимдер түзүлгөн. 2009-жылкы кайра түзүмдөштүрүүнүн алкагында жана "Кумтөр" долбооруна таасир этүүчү бардык чечилбеген маселелерди жоюу максатында "Кыргыз алтын" акционердик коомуна "Центерранын" 43 миллиондон ашуун акциясы өткөрүлүп берилип, анын жыйынтыгында акционердик коомдун үлүшү эки эсеге, тагыраак айтканда, 16 пайыздан 32 пайыздан ашуун болуп көбөйгөн. Мындан тышкары 2009-жылкы келишим "Кумтөр" долбоору үчүн комплекстүү салык режимин камтып, ага ылайык, Кыргыз Республикасы сатылган алтындан абдан кирешелүү 14 пайыз дүң киреше салыгын алып келет. 2009-жылы кайра каралган долбоордук келишимдерди түзүү боюнча сүйлөшүүлөр Кыргыз Республикасынын атынан ыйгарым укуктуу өкүлдөрү менен эл аралык укук боюнча эксперттер тарабынан жүргүзүлгөн жана келишим Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши, Конституциялык Соту жана Юстиция министрлиги тарабынан бекитилип, азыркы учурда коомчулукка толук жеткиликтүү. Бул келишимдерде "Кумтөр" долбоору боюнча бардык талаштар эл аралык арбитражда чечилери бекитилген.

2009-жылдан бери кайра каралган долбоордук келишимдердеги кепилдиктерге таянып, "Кумтөр Голд Компани" (КГК) "Кумтөр" долбооруна капиталдык салым катары $1,7 миллиард АКШ долларын жумшаган жана Кыргыз Республикасынын бюджетине салыктар жана төлөмдөр түрүндө 875 миллион АКШ долларын төлөгөн. Мындан сырткары 2009-жылы кайра каралган долбоородук келишимдерге кол коюлгандан кийин "Кыргыз алтындын" "Центеррадагы" акциялар топтомунун наркы кыйла өскөн:

– 2008-жылдын октябрындагы базар баасы боюнча наркы 29 миллион АКШ долларын түзгөн;
– 2009-жылдын декабрында кайра каралган долбоордук келишимдер түзүлгөндөн кийинки базар баасы боюнча наркы 1 миллиард АКШ долларынан ашкан.

2014-жылы "Кумтөр" долбоорунун түзүмүн өзгөртүүнүн шарттары боюнча сунушталган келишимди талкуулоо процессине Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен "Кыргыз алтын" ААК сүйлөшүүлөрдө жардам көрсөтүү үчүн "DLA Piper LLP" Эл аралык юридикалык фирмасынан жана "PricewaterhouseCoopers LLP" Эл аралык аудитордук-консталтинг фирмасынан кеңешчилерди тарткан. Ушул кеӊешчилердин 2009 жылдын кайра каралган долбоордук келишимдерин өтө кылдаттык менен текшерип чыкканына карабастан, бул келишимдердин мыйзамдуулугуна шек келтирүүчү эч кандай негиз табылган жок жана "Центерра" менен КГКга билдирилген жок.

"Центерра" менен КГК "Кумтөр" долбоорун жөнгө салуучу келишимдерди, кыргыз жана эл аралык коррупция менен күрөшүү боюнча мыйзамдарды жана өзүнүн ички коррупция менен күрөшүү катуу саясаттарын ар дайым сактап келишкен. Андан сырткары "Центерра" менен КГК, Кыргыз Республикасынын бийлигинен ылайыксыз иш-аракеттерди жасаган деген дооматтарды тастыктоочу маалымат жана далилдерди көрсөтүүнү көп ирет суранганына карабастан, бир да жолу андай маалыматты же далилдерди ала алган жок.

2009-жылкы долбоордук келишимдер менен жөнгө салынуучу айрым суроолор боюнча талаштар учурда эл аралык арбитраждык соттордо каралуу алдында жана биз ушул сыяктуу маселелердин көз карандысыз арбитрлер тарабынан каралып чыгуусун колдойбуз. "Центерра" 2009-жылкы долбоордук келишимдердин юридикалык жактан мыйзамдуу экени көз карандысыз арбитр тарабынан тастыкталып, Кыргыз Республикасы аларды аткарууга милдеттүү деп табыларына ишенет.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан