2015-жылы козголгон 75 кылмыш иши боюнча 111 жаран акталган. Бул тууралуу бүгүн, 20-июнда Жогорку Кеңештин жарандарды кылмыш жоопкерчилигине мыйзамсыз тартууларды иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиясынын жыйынтыктоочу отурумунда депутат Тынчтык Шайназаров билдирди.
"Нурдин Малдыбаев аттуу жаран 4 жыл 6 ай камакта отурган. 2012-жылы сот аны күнөөсүз деп таап, актап, эркиндикке чыгарган. Андан соң жаран моралдык зыян тартканы үчүн сот аркылуу мамлекеттен 200 миң сом утуп алган. 2016-жылы бул сумманы толугу менен алды", - деди депутат.
Анын айтымында, мындай окуялар болбош үчүн тергөөчүлөрдүн, прокуроролордун, соттордун жоопкерчилигин күчөтүш керек. "Бул бир эле факт. Эгер бардык акталган жарандар моралдык зыян тартканы үчүн мамлекеттен компенсация ала берсе эмне болот? Ошондуктан камакка алуунун ордуна башка баш коргоо чарасын колдонуш керек", - деп сунуштады Шайназаров.