Кореялык ишкерлер кыргыз өлкөсүндө күнөскана комплекстерин, медициналык борборлорду жана текстиль ишканаларын ачууга кызыкдар экенин айтышты

"Кыргыз өкмөтүнүн негизги приоритеттеринин бири заманбап өздүк текстиль өндүрүшүн түзүү болуп саналат". Бул тууралуу вице-премьер-министр Олег Панкратов Корея Республикасынын ишкерлери менен жолугушууда айтканын өкмөттөн билдиришти.

Финансылык фонддордун биринин президенти Ли Жон Нэ Кыргыз Республикасынын экономикасындагы айыл чарба, текстиль жана медицина тармагына кызыкдар экенин айтты.

"Өндүрүш – бул ар бир мамлекеттин экономикасындагы негизги кыймылдаткыч. Ошондуктан 1970-жылдардын башында Корея Республикасы ата мекендик экономиканы индустриализациялоону баштаган. Азыркы тапта кореялык компаниялар дүйнөлүк экономикада алдынкы лидерлердин катарында. Бай тажрыйбаны топтоо менен өндүрүш тармагын модернизациялоодо сиздерге көмөк көрсөткүбүз келет. Тактап айтканда, кореялык ишкерлер күнөскана комплекстерин, медициналык борборлорду жана текстиль ишканаларын ачууга кызыкдар", - деди ал.

Вице-премьер-министр Олег Панкратов Кыргыз Республикасында бизнес чөйрөсүн колдоо, сырттан келген ишкерлерге максималдуу шарт түзүү, алардын мамлекеттик органдар менен байланышын жөнөкөйлөтүү боюнча өлкө мыйзамдары менен тааныштырып, кыргыз экономикасындагы башка тармактардын потенциалына токтолду. Ал кыргыз тарап технология жаатында түз инвестиция тартууга кызыкдар экенин да кошумчалады.

"Акыркы жылдары өз товарларынын сапаты жана ыңгайлуу баасы менен ата мекендик жеңил өнөр жай тармагы динамикалуу түрдө өсүп жатат. Андыктан өкмөттүн негизги приоритеттеринин бири – заманбап жеке текстиль өндүрүшүн түзүү. Ал эми заманбап жаңы технологиядагы жабдуулар менен камсыз кылынган медициналык борбор курууга толук шарттар бар. Күнөсканалардын аянтын кеңейтүүдө кыргыз мамлекетинин климаты абдан ыңгайлуу. Аба ырайы күнөстүү, топурагы борпоң жана электр энергиясы арзан, эң башкысы, азыктарды сатууда туруктуу ЕАЭБ рыногу жана Кытай бар", - деди вице-премьер-министр Олег Панкратов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан