5 ай аралыгында республикалык бюджеттин чыгаша бөлүгү 48 миллиард 865,3 миллион сомду түздү

2016-жылдын январь-май айларында республикалык бюджеттин чыгаша бөлүгү (атайын каражаттарды кошпогондо жана мамлекеттик карызды эсепке алганда) 48 миллиард 865,3 миллион сом суммасында аткарылганын Каржы министрлигинен кабарлашты. Былтыркы жылдын тийиштүү мезгилинде республикалык бюджеттин аткарылышы (атайын каражаттарды кошпогондо) 38 миллиард 146,3 миллион сомду түзгөн. Былтыркы жылдын ушундай мезгилине салыштырмалуу жалпы чыгашалар 10 миллиард 718,9 миллион сомго же 28,1 пайызга көбөйдү.

Корголгон чыгашалар беренелери боюнча 2016-жылдын январь-майында республикалык бюджеттен 33 миллиард 221,7 миллион сом каржыланды же 37 миллиард 100,2 миллион сом суммасындагы пландын 89,5 пайызы аткарылды. 2015-жылдын ушундай эле мезгилиндеги көрсөткүчтөр менен салыштырганда каржылоо 19,4 пайызга же 5 миллиард 390,7 миллион сомго көбөйдү.

Корголбогон чыгашалар беренелери боюнча 2016-жылдын январь-май айларында республикалык бюджеттен 4 миллиард 28,1 миллион сом каржыланды же 5 миллиард 765,7 миллион сом суммасындагы пландын 69,9 пайызы аткарылды. 2015-жылдын ушундай эле мезгилиндеги көрсөткүчтөргө салыштырмалуу каржылоо 270,3 миллион сомго көбөйдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан