Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы комитетинде 20-июнда Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын прокуратура органдарынын чыгашаларын көтөрүү боюнча кайрылуусу каралды.
Прокуратура органдарынын 2016-жылкы бюджеттик чыгымдарын 520 миллион 783 миң сомго чейин көтөрүп берүү өтүнүчү айтылды. Башкы прокуратуранын иш башкаруучусу Таалайбек Маматовдун билдиришинче, мекеменин мурдагы имаратын оңдоого 8 миллион сом, социалдык төлөмдөр үчүн 603 миң сом, эмгек акыны жогорулатууга 1 миллион 15 миң сом талап кылынат.
Депутаттар прокуратура органдарынын иши көбөйүп, жоопкерчилиги жогорулагандыктан, колдон келишинче алардын өтүнүчүн эске алуу, кошумча каржы булактарын караштыруу тууралуу пикирлерин билдиришти. Каржы министри Адылбек Касымалиев учурда мамлекеттик органдардын каржылык суроо-талаптары 21 миллиард сомго чыкканын белгиледи. "Бюджеттеги эмгек акы сындуу корголгон беренелерди карап көрсө болот, бирок калган беренелердин баарын канааттандыра албайбыз", - дейт ал.