Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев сот тармагын өнүктүрүү долбоорун ишке ашыруу үчүн грант алуу боюнча Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзамга кол койду. Макулдашууга 2016-жылдын 3-юнунда Бишкекте кол коюлган. Ал эми тийиштүү мыйзамды Жогорку Кеңеш 16-июнда кабыл алган. Гранттык макулдашууну ишке ашыруу бир жылга эсептелгени жана бул сот системин өнүктүрүүнүн биринчи этабы болуп саналары айтылат маалыматта. Гранттын суммасы 490 миң доллар. Мыйзам расмий жарыялангандан 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.