Өкмөттүн түзүмүн өзгөртүү зарылчылыгы эмне себептен келип чыкканы белгилүү болду. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 21-июнда парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти комитетинде билдиргендей, өлкөнүн Евразиялык экономикалык биримдигине кирүүсүнө байланыштуу өкмөттүн түзүмүн өзгөртүү керек.
Премьер-министрдин айтымында, өнөр жай маселелерине учурда тийиштүү көңүл бурулбай келет. "Мындан тышкары энергетика чөйрөсүндө саясатты түзүүчү орган жок. Өлкөнүн энергетика комплексин башкаруу боюнча функциялар түзүлгөн Улуттук энергохолдингге бекитилген. Ошондой эле жер казынасын пайдалануу жана жер казуу жаатында мамлекеттик саясат маселелери экинчи даражадагы планда калды. Экономика министрлигинин ишинин көптүгү жетиштүү көңүл бурууга мүмкүндүк бербейт. Геология боюнча мамлекеттик агенттиктин статусу координациялык иштерди жүргүзүү үчүн жетишсиз", - деп өкмөт башчы өлкөнүн өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү кырдаал менен депутаттарды тааныштырды.
Белгилей кетсек, өкмөттүн учурдагы түзүмүнө төмөнкүдөй өзгөртүүлөр сунушталууда:
- Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин базасында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитетин түзүү;
- Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин функцияларын азык-түлүк өнөр жайын өнүктүрүү боюнча кошумча функциялар менен толуктоо;
- Мамлекеттик байланыш агенттиги жана өкмөткө караштуу Электрондук башкаруу борборунун базасында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетин түзүү;
- Экономика министрлигин, Транспорт жана коммуникациялар министрлигин, Мамлекеттик каттоо кызматын, Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттикти кайрадан түзүү жана функцияларын кыскартуу;
- Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик агенттиктин функцияларын жер казынасын пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча функцияны кошумчалоо жолу аркылуу кеңейтүү.