Жогорку Кеңештин V жана VI чакырылышынын депутаты Акылбек Султанов кызматтык батирин Жогорку Кеңештин Иш башкармалыгына өткөрүп берди. Ошондой эле жакында депутаттык мандаттан өз ыктыяры менен баш тарткан Ашэра Халикова дагы кызматтык батирин бошотту.
Жогорку Кеңештин Иш башкармалыгынын маалыматы боюнча, 5-чакырылыштын депутаттары Абдулатип Режевалиев жана Эсенгул Исаковдун жакынкы апталарда кызматтык батирлерди өткөрүп беришери күтүлүүдө.
Эскерте кетсек, Жогорку Кеңештин кызматтык батирлерди бөлүштүрүү боюнча комиссиясынын чечими менен учурда 6-чакырылыштын 15 депутаты кызматтык батирлерде жашайт.