Депутат өкмөттүн курамын кыскартууну сунуштаса, премьер-министр макул болгон жок

Парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин 21-июндагы отурумунда өкмөттүн курамын өзгөртүү демилгеси каралууда.

Депутат Исхак Масалиев өлкөдө каатчылык болуп турганда өкмөттүн курамын кыскартуу керек деп сунуштады. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков депутат менен макул болгон жок.

"Аткаруу бийлигин кыскартып эле келе жатабыз. Кыскартууларды ойлонуп, өкмөт иштей тургандай кылып жасаш керек. Бабанов өкмөт башчы болгондо айыл өкмөттөрүн 50 пайызга кыскарткан. Бирок өкмөт мүчөлөрү аймактарга барышат, отурумдарды өткөрүшөт. Барганга шарт түзүлбөй калган. Тегеригимдеги кызматкерлердин мамлекеттик иш аткарыш үчүн унаалары жок. Ошондуктан айрым кыскартуулар ишке ашпай турганын элге түшүндүрүп айтышыбыз керек", - деди өкмөт башчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан