Парламенттин тармактык комитети өкмөттүн түзүмүн өзгөртүүгө макул болду

Парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети 21-июндагы жыйынында өкмөттүн түзүмүн өзгөртүүнү жактырды.

Айта кетсек, премьер-министр Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн Евразиялык экономикалык биримдигине кирүүсүнө байланыштуу өкмөттүн түзүмүн өзгөртүү керектигин билдирген. Өкмөттүн учурдагы түзүмүнө төмөнкүдөй өзгөртүүлөр сунушталууда:

- Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин базасында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитетин түзүү;

- Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин функцияларын азык-түлүк өнөр жайын өнүктүрүү боюнча кошумча функциялар менен толуктоо;

- Мамлекеттик байланыш агенттиги жана өкмөткө караштуу Электрондук башкаруу борборунун базасында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетин түзүү;

- Экономика министрлигин, Транспорт жана коммуникациялар министрлигин, Мамлекеттик каттоо кызматын, Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттикти кайрадан түзүү жана функцияларын кыскартуу;

- Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик агенттиктин функцияларын жер казынасын пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча функцияны кошумчалоо жолу аркылуу кеңейтүү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан