Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 21-июнда Конституциянын 64-беренесинин 5-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын мүчөлүгүнө шайлоо үчүн төмөнкү талапкерлерди көрсөттү: Алмаз Асаналиев, Гүлнара Баатырова, Бахтияр Кадыров, Нуржан Шайлдабекова.
Белгилей кетсек, буга чейин парламенттеги фракциялар тарабынан БШК мүчөлүгүнө Адилет Сатыгулов, Гүлнара Журабаева, Назарали Арипов, Абдыжапар Бекматов, Кайрат Осмоналиев, Акылбек Эшимов, Атыр Абдрахматова жана Елена Жылкычиева сунушталган.