Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети 21-июндагы жыйынында Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнө талапкерлерди жактырды.
Президенттик аппараттын парламенттеги өкүлү Молдакун Абдылдаевдин айтымында, президент Алмазбек Атамбаев аталган комиссиянын мүчөлүгүнө шайлоо үчүн төмөнкү талапкерлерди көрсөттү:
- Алмаз Асаналиев;
- Гүлнара Баатырова;
- Бахтияр Кадыров;
- Нуржан Шайлдабекова.
Мындан тышкары Жогорку Кеңештин фракциялары БШКнын мүчөлүгүнө төмөнкү талапкерлерди сунуштап жатышат:
- Атыр Абдрахматова;
- Абдыжапар Бекматов;
- Кайрат Осмоналиев;
- Акылбек Бешимов;
- Гүлнара Журабаева;
- Елена Жылкычиева;
- Назарали Арипов;
- Адилет Сатыгулов.