Депутаттар тобу тарабынан Жогорку Кеңештин депутаттарына берилүүчү артыкчылыктарды кыскартуу максатында иштелип чыккан "КРнын ЖК депутатынын статусу жөнүндө", "КРнын ЖКнын регламенти жөнүндө" мыйзамдардын айрым беренелерине өзгөртүү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоору кайрадан добушка коюлат. Бул тууралуу 21-июнда Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитет чечим кабыл алды.
Эске салсак, аталган мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин 15-июндагы жыйынында четке кагылган.