Жогорку Кеңештин депутаты Жыргалбек Саматовдун мандат маселеси кайрадан көтөрүлдү. Бүгүн, 21-июнда бул маселе БШКнын жыйынында каралмакчы. Депутат Саматовдун SUPER.KG'ге билдиришинче, учурда анын мандатын кайра кайтарып алуу аракети болуп жатат.
"Орусиянын жарандыгын алган. Орусиянын жараны эместиги тууралуу Саматовдун бизге алып келген каты жасалма болуп чыкты" деген жүйө менен мени БШК талапкерлердин тизмесинен чыгарып салып, кийин соттун чечими менен БШКнын чечими жокко чыгарылып, мандатка ээ болгом. Бул маселени БШК кайрадан караганы жатат. Ошондуктан мен буга чейин эле Орусиянын жараны же жараны эместигимди далилдөө максатында Орусиянын сотуна кайрылгам. Учурда сот бул ишти карап жатат. Ошол себептүү БШК бул ишти азыр кароого эч кандай акысы жок. Буйрутма ким тарабынан болуп жатканы белгилүү", - деп билдирди депутат Саматов.
Саматов 2015-жылдын декабрь айынын башында мандат алып, парламентте ант берер алдында БШК мандатты кайра кайтарып алган. Муну комиссия мүчөлөрү: "Орусиянын жараны эместиги тууралуу Саматовдун бизге алып келген каты жасалма болуп чыкты. Ушунун негизинде анын мандатын кайтарып алдык", - деп билдиришкен.
Биринчи Май райондук соту 24-декабрда Саматовду мандаттан ажыратуу боюнча БШКнын чечимин жокко чыгарган. Башкача айтканда, райондук сот "Саматов Орусиянын жараны эмес" деп чечим чыгарган. Ошентип, ага кайрадан мандат берилип, депутат болгон. Бирок "Республика-Ата Журт" фракциясы аны фракциянын курамынан чыгарып салган.