Бүгүн, 21-июнда Жогорку Кеңештин Укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитети менен Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин биргелешкен жыйынында кворум чогулган жок. Мындан улам күн тартибине киргизилген маселелерди кароо кийинки аптага жылдырылды.
Бүгүнкү жыйында эки маселе каралмак. Алар:
1. Депутаттар тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси” мыйзам долбоору (экинчи окуу);
2. Депутаттар тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодекси” мыйзам долбоору (экинчи окуу).