Галина Скрипкина депутаттык мандатынан ажыратылды

Бүгүн, 21-июнда Борбордук шайлоо комиссиясы Галина Скрипкинанын депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту.

Мындай чечим комиссиянын чечими менен бүгүнкү жыйында кабыл алынды. Эскерте кетсек, КСДП фракциясынан депутат Галина Скрипкина Евразия экономикалык биримдигинин соттук кызматына дайындалган.

Галина Скрипкинанын депутаттык мандаты Ирина Карамушкинага берилет. Мындай чечим 17-июнда Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын жыйынында кабыл алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан