Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинде депутаттар тобу тарабынан өлкөнүн энергетика тармагын жаңы шартта, жаӊы нукта өнүктүрүү максатында иштелип чыккан "Энергетика жөнүндө" мыйзам долбоору каралып, анын концепциясын парламенттин кароосуна алып чыгуу чечими кабыл алынды.
Демилгечи депутаттардын пикиринде, жабдуулар эбак эскирип бүттү, ага кошулуп колдо бар мүмкүнчүлүктөр сарамжалдуу пайдаланылбай жатат. Инвестиция жетиштүү тартылбай, тартылган каражат өз багытында натыйжалуу жумшалбай келет. Гидроэнергетикалык мүмкүнчүлүгү зор экенине карабастан, Кыргыз Республикасы энергетикалык жактан артта калган өлкөлөрдүн катарында турат.
Демилгечилердин бири Акылбек Жапаровдун айтымында, "Энергетика жөнүндө" жаӊы мыйзам долбоорунда 1997-жылы кабыл алынган азыркы мыйзамга караганда кыйла кеӊири жоболор камтылган. Ал мыйзам долбоорун даярдоо жүрүмүндө иштеп жаткан мыйзамда орун алган кемчиликтер эске алынганын, энергетикалык тармак инвестиция тартууга муктаж экенин, ошондон улам жаӊы мыйзам долбоорун иштеп чыгуу зарылдыгы жаралганын белгиледи.
"Мыйзам долбоору "энергобарондорду" жок кылууга багытталган. Ошондон улам электр энергиясынын тарифине аны берүү наркын кошо жазуу талабы камтылды. "Бирдиктүү сатып алуучу" деген түшүнүк киргизилип, "дүӊүнөн сатып алуучу" жана "чекене керектөөчү" деген сындуу жаӊы катмарлар белгиленди", - дейт депутат. Ал энергетика тармактын мыйзамдык базасын жаӊыртууга мезгил жеткенин кошумчалады.
Комитет мүчөлөрү мыйзам долбоорун колдоо менен бирге, электр энергиясын иштеп чыгуу, жеткирүү жана бөлүштүрүү жабдуулары өз мүмкүнчүлүгүн эбак эле өтөп бүткөндүктөн, Кыргыз Республикасынын отун-энергетикалык комплексине кирген объектилердин техникалык коопсуздугу бузулганын, атаандаштыкка жарамсыз болуп калганын баса белгилешти. Бул багытта шашылыш чараларды көрүү зарыл.
Жыйын жүрүшүндө мыйзам долбооруна карата өкмөттөн 44 эскертме келип түшкөнү белгилүү болду. Экономика министринин орун басары Туратбек Жунушалиев эскертмелердин басымдуу бөлүгү редакциялык мүнөздө болгондуктан, мыйзам долбоорунун концепциясы кабыл алынса, аларды экинчи окуу жүрүшүндө деле эске алса болорун билдирди.