Үлүш жерлерге көп жылдык мөмө-жемиш дарактарын отургузууга уруксат берүүгө багытталган мыйзам долбоору 3-окууда каралды

Бүгүн, 22-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында "Сугат-айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору 3-окууда каралды.

Маалыматка ылайык, долбоордо сунушталган түзөтүүлөр аркылуу үлүш жерлерге көп жылдык мөмө-жемиш дарактарын отургузууга уруксат берилүүдө. Буга мамлекеттик фонддун жерлери кирбейт. Долбоордо топурагынын сапаты начар болгон үлүш жерлерди иштетип, сатууга ыңгайлуу болгон мөмө-жемиш дарактарын отургузуу каралган. Мында жердин сапатын Айыл чарба министрлигинин астындагы жер кыртышын изилдөө институту аныктайт.

Талкуунун жүрүшүндө көп жылдык мөмө-жемиш көчөттөрүн отургузууга уруксат берүүнүн зарылдыгы боюнча кайчы пикирлер жаралды.

Мыйзам долбоору 3-окууда добуш берүүгө жиберилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан