Бүгүн, 22-июнда Жогорку Кеңеш өкмөттүн түзүмүн өзгөртүү боюнча премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун демилгесин жактырды.
Айта кетсек, өкмөттүн учурдагы түзүмүнө төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилмекчи:
- Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин базасында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитетин түзүү;
- Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин функцияларын азык-түлүк өнөр жайын өнүктүрүү боюнча кошумча функциялар менен толуктоо;
- Мамлекеттик байланыш агенттиги жана өкмөткө караштуу Электрондук башкаруу борборунун базасында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетин түзүү;
- Экономика министрлигин, Транспорт жана коммуникациялар министрлигин, Мамлекеттик каттоо кызматын, Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттикти кайрадан түзүү жана функцияларын кыскартуу;
- Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик агенттиктин функцияларын жер казынасын пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча функцияны кошумчалоо жолу аркылуу кеңейтүү.
Мындан тышкары депутаттардын сунушу менен чек ара маселелери боюнча вице-премьер-министр кызматы түзүлмөкчү.