"Медицина тармагына кандай көңүл бурулса, ветеринарияга да ошондой деңгээлде маани берилиши кажет", - деп айтты өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып. Өкмөт башчы ал тармактагы абалдан жарандардын ден соолугу көз каранды экенин белгиледи. Анын айтымында, мал чарба продукциясын экспорттоону кеңейтүү жана анын сапатын жогорулатуу максатында өлкөнүн ветеринардык инфраструктурасын өнүктүрүүгө тийиштүү көңүл бурулушу кажет.
Кыргыз Республикасы ЕАЭБге кошулуусунда республика бир катар милдеттенмелерди кабыл алган, анын бири – эл аралык стандарттарга жооп берген ветеринардык жана фитосанитардык лабораториялардын курулушу.
Премьер-министр эскерткендей, лабораторияларды куруу, реконструкциялоо жана модернизациялоо боюнча иш башталды. Белгилей кетсек, аймактык төрт ветеринардык лабораториянын курулушуна 37,3 миллион сом бөлүнгөн. Ошондой эле реконструкциялоонун биринчи этабына, Талас жана Ысык-Көл облустарындагы карантиндик фитосанитардык лабораторияларды жабдуулар менен камсыздоо жана кызматкерлерди окутууга 26 миллион сом багытталган.