Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Баткен жана Ош облусуна иш сапары менен барат

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков үстүбүздөгү жылдын 23-24-июндарында Баткен жана Ош облусуна иш сапары менен барат. Бул тууралуу бүгүн, 23-июнда КР Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү кабарлады.

"Сапар алкагында Сооронбай Жээнбеков унаа жолдорунун курулушу жана реконструкцияланышынын жүрүшү, социалдык объектилердин абалы менен таанышат. Мындан тышкары жергиликтүү тургундар менен жолугушуулар пландаштырылган", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле Баткен облусунда өкмөт башчы Көк-Талаа-Пүлгөн унаа жолунун ачылышына катышат. Ош облусунда премьер-министр Өзгөн районуна барып, билим берүү тармагынын объектилеринин курулушу менен таанышмакчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан