Бүгүн, 23-июнда Жогорку Кеңеште Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов 2015-жылдагы иши жөнүндө отчёту менен депутаттарды тааныштырды.
Анын айтымында, банктардан 40 миң долларга чейин насыя алган 2397 жеке жактын 34,8 миллион доллар өлчөмүндөгү доллардык насыясы 1 доллар – 62,14 сом курсу менен сомго которулду. "Бул ишке 14 коммерциялык банк катышып, жалпы насыя өлчөмү 2,2 миллиард сомду түздү. Аларга курстук айырма үчүн бюджеттен 478 миллион сом төлөндү", - деди Абдыгулов.
Мындан тышкары ал 2015-жылы жеке жактардын депозиттик эсебине түшкөн каражат агымы эки эсе өсүп, 14 миллиард 524 миллион сомду түзгөнүн айтып, депозиттик эсепте чогулган жалпы каражат 51 миллиард 567 миллион сомго жеткенин маалымдады.
Талкуунун жыйынтыгында Жогорку Кеңеш Улуттук банктын 2015-жылдагы иши жөнүндө отчётту эске алуу боюнча токтомду кабыл алды.