Замирбек Айдаров транспорт жана коммуникациялар министри кызматынан бошотулуп, аталган министрликтин башчысынын милдетин аткарууга киришти. Тиешелүү жарлыкка президент Алмазбек Атамбаев кол койгонун бүгүн, 23-июнда президенттик аппараттын басма сөз кызматы жарыялады.
"Президенттин жарлыгына ылайык, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин сунушу кабыл алынып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин тиешелүү жактыруусу алынганга чейин Замирбек Айдаровго Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министринин милдеттерин аткаруу жүктөлдү", - деп айтылат маалыматта.
Айта кетсек, 2016-жылдын 13-апрелинде Жогорку Кеңеш өкмөттүн жаңы курамын бекитип, транспорт жана жол министри кызматына Замирбек Айдаровдун талапкерлигин жактырган.