Депутаттарды эртеден кечке чейин көрсөткөн телеканалга 2 миллион сом бериле турган болду

Жогорку Кеңеш "Пирамида" медиа-холдингине парламенттин бюджетинен 2 миллион сом көлөмүндө акча каражат бөлүүгө макулдук берди. Бул акча каражатка телеканал үчүн техникалык жабдуулар сатылып алынмакчы.

Аталган холдингдин башчысынын айтымында, ар шаршемби жана бейшемби күндөрү Жогорку Кеңештин жалпы жыйындары түз эфирде көрсөтүлүп турат. Депутат Аскарбек Шадиевдин айтымында, парламенттин жыйындарын түз эфирде көрсөтүү - Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгүнүн ачык-айкындуулугунун көрсөткүчү.

Депутат Мурадыл Мадеминов Жогорку Кеңештин бардык жыйындарын түз эфирде көрсөтүүнүн зарылчылыгы жок экенин айткан. "Эртеден кечке чейин Жогорку Кеңештин жыйындарын телевизор аркылуу көрүүгө бош убактысы бар адам ким экен? Телевизор көрүүнүн ордуна адам иштеш керек. Кечинде жаңылыктарды көргөнгө жарым сааттай эле убакыт жетишет. Жыйындар ансыз деле радио аркылуу берилип жатпайбы", - деген Мадеминов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан