Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 23-июнда иш сапары менен Өзбекстан Республикасынын Ташкент шаарына барды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, иш сапарынын алкагында Алмазбек Атамбаев Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекет башчыларынын кеңешинин 23-24-июнь күндөрү өтчү 15-саммитине катышат. Саммиттин жыйынтыгында 11 документке кол коюлуп, өлкө башчылары аймактагы коопсуздук маселесин талкуулашмакчы.
Айта кетсек, Шанхай Кызматташтык Уюмуна Кыргыз Республикасы, Орусия, Кытай, Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстан кирет.