Жогорку Кеңеш 3374 адамды мунапыс аркылуу түрмөдөн бошотуу боюнча мыйзам долбоорун 2-окууда жактырды

Бүгүн, 23-июнда Жогорку Кеңеш “Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 25 жылдыгына жана 1916-жылдагы улуттук боштондук көтөрүлүштүн 100 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндө” мыйзам долбоорун 2-окууда жактырды.

Эскерте кетсек, мыйзам долбооруна ылайык, эркиндиктен ажыратуу жайларынан болжол менен 3374 адам бошотулмакчы. Алар:

1. Соттолгон жашы жете электердин саны – 11 адам (анын ичинен биринчи жолу 5 жылга чейинки мөөнөткө соттолгон жашы жете электер – 2 адам);

2. 60 жаш курактан ашкан эркектердин, ошондой эле 55 жаш курактан ашкан аялдардын саны – 98 адам (баары оор жана өзгөчө оор кылмыштары үчүн соттолгон);

3. I жана II топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелгендердин саны – 10 адам (баары оор жана өзгөчө оор кылмыштары үчүн соттолгон);

4. Экиден кем эмес жашы жете элек балдары же I жана II топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдары бар үй-бүлөдөгү жалгыз багуучу болуп саналган, коркунучу азыраак жана анчалык оор эмес кылмыштар үчүн соттолгон адамдардын саны – 245 адам;

5. Коркунучу азыраак жана анчалык оор эмес кылмыштар үчүн соттолгон, ушул мыйзам күчүнө кире турган күнгө карата жазасынын өтөлө элек бөлүгү бир жылдан ашпаган адамдардын саны – 1267 адам;

6. Биринчи жолу коркунучу азыраак жана анчалык оор эмес кылмыштарды жасаган адамдардын саны – 1862 адам.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан