Ташкентте Путин, Каримов, Атамбаев, Си Цзиньпин, Рахмон жана Назарбаев жолугушуу өткөрүшүүдө (фото)

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекет башчыларынын кеңешинин тар чөйрөсүндөгү жыйынына катышууда. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, жыйында Кыргыз Республикасынын Президентинен тышкары Орусиянын президенти Владимир Путин, Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин, Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев, Өзбекстандын президенти Ислам Каримов, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон катышууда.

Айта кетсек, 23-24-июнь күндөрү Өзбекстандын Ташкент шаарында Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекет башчыларынын кеңешинин 15-саммити өтүүдө. Саммиттин жыйынтыгында 11 документке кол коюлуп, өлкө башчылары аймактагы коопсуздук маселесин талкуулашмакчы. Ошондой эле аталган уюмга Пакистан менен Индиянын кирүү маселеси каралмакчы.

Шанхай Кызматташтык Уюмуна Кыргыз Республикасы, Орусия, Кытай, Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстан кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан