Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 24-июнда Ташкенттеги иш сапарынын алкагында Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) саммитинин аянтчасында Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин менен жолукту. Бул тууралуу бүгүн, 24-июнда Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык-саясат бөлүмү кабарлады.
Жолугушууда Си Цзиньпин Кыргыз Республикасы менен Кытайдын ортосунда ар тараптуу стратегиялык кызматташтыктын үч жылы ичинде саясий диалог бекемделип, эки тараптуу алака-катыш жемишин берип жатканын белгиледи. "Биз эл аралык иштерде тыгыз координацияны арттырып, бири-бирибизге ар кайсы аянтчаларда колдоо көрсөтүп, элдерибизге пайда алып келиш үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып жатабыз", - деди Си Цзиньпин.
Өз кезегинде президент Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасы менен Кытайдын ортосунда эки тараптын кызматташтыгына тоскоол боло турган олуттуу карама-каршылыктар жана талаштар жок экенин билдирди.
Мамлекет башчысы Кыргыз Республикасы Кытай менен коопсуздук жаатында кызматташтык чыңдалып жатканын жана кытайлык өнөктөштөрдүн “үч жамандык” - экстремизм, терроризм жана сепаратизм менен күрөшүү боюнча аракеттерин колдоорун белгиледи.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө президент Алмазбек Атамбаев менен КЭР Төрагасы Си Цзиньпин ар кайсы чөйрөлөрдө эки тараптуу кызматташтыктын маанилүү маселелерин жана кеңири маселелер боюнча өз ара алака-катыштын перспективаларын талкуулады.