Төрага Турсунбеков Нарын облусунун бир катар райондорун кыдырып, суу алып кеткен аймактардын абалынан кабар алды

Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков Нарын облусунун Кочкор, Нарын, Ат-Башы, Ак-Талаа райондорунун кирген суулар жеп кеткен жолдорунун абалы менен таанышып, ага карата көрүлүп жаткан чаралардан кабар алганын Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдирди.

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 249-252-чакырымындагы Кочкор районуна тиешелүү Сары-Булак аймагындагы жолду кирген суу жеп баштаган. Турсунбеков бул жолду алдын ала бекемдөө иштеринин жүргүзүлүп жатканына күбө болду.

Ал эми Нарын районундагы Салкын-Төр мамлекеттик багындагы көпүрөнү, ички жолдорду коктудан кирген суу алып, керектен чыгарган. Төрага жергиликтүү элге, сырттан келүүчү эс алуучуларга болгон мындай ыңгайсыздыкты жоюу максатында, жаратылыш кырдаалынын кесепеттерин тезинен четтетүү үчүн тиешелүү министрликтерге жеринде тапшырма берди.

Парламент төрагасы аталган райондун Дөбөлүү айылындагы Нарын-Оорук-Там жолунун суу жеп кеткен жерине барды. Алгач күндүн ысышы менен коктудан келүүчү суунун деңгээли көбөйүп, район борбору менен бир нече айылдарды байланыштыруучу жолдогу суу өткөргөн чоң түтүктү алып кеткен, натыйжада байланыш таптакыр үзүлгөн. Жергиликтүү бийлик жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин күчү менен суу өтүүчү түтүк кайра салынып, байланыш калыбына келтирилген. Ошентсе дагы суунун жээгин бекемдөө керектиги байкалып турат. Чыныбай Турсунбеков Жогорку Кеңештин төрагасынын фондунан Дөбөлүү айыл өкмөтүнүн башчысына мындай жолдорду кирген суудан бекемдөө иштерине деп 100 миң сом тапшырды.

Төрага андан ары Ат-Башы районунун Баш-Кайыңды айылына барды. Коктудан кирген суу, бактыга жараша, айыл четиндеги үйлөрдүн үлүш жерлерин гана каптаган. Тиешелүү иштер жүргүзүлбөсө, суунун кириши кайталанып, эми үйлөрдү капташы толук ыктымал экенин айтышат жергиликтүү бийлик өкүлдөрү. Чыныбай Турсунбеков көйгөйдүн олуттуулугун эске алуу менен бул айыл өкмөтүнө дагы фонддун эсебинен 100 миң сом калтырды. Ошондой эле Жогорку Кеңештин төрагасы бир нече айылды байланыштырып турган Ат-Башы суусундагы көпүрөнүн абалы менен жеринде таанышты. Жергиликтүү бийликтин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен чогуу көпүрөнү бекемдөө иштерине салым катары фонддон 50 миң сом тапшырылды.

Нарын суусунун жээгинде жайгашкан Ак-Талаа районунун Үгүт айылындагы абал да кооптуу. Мындай көрүнүшкө күбө болгон Турсунбеков Нарын дарыясынын суусу курулган дамбадан ашып, аталган айылдагы асфальт-бетон заводуна 80 метрдей жетпей калганын көрдү. Дамба сапатсыз курулганын, аны курган фирманын иши азыр прокуратурада тергелип жатканын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү парламент жетекчисине маалымдашты. Жогорку Кеңештин төрагасы бул кооптуу аймакка тез аранын ичинде жаңы дамба куруу маселесин тиешелүү министрликтин астына коёрун айтып, ага чейин дамбаны бекемдөө иштерин жүргүзүү керектигин билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан