Өлкөдө 5-мартты Ак калпак күнү деп жарыялоо жана ак калпактарды сырттан алып келүүгө тыюу салуу демилгеленүүдө

Кыргыз Республикасында 5-мартты Ак калпак күнү деп жарыялоо жана ак калпактарды башка мамлекеттерден алып келүүгө тыюу салуу демилгеленүүдө. Тиешелүү токтом долбоорун коомдук талкууга депутат Тазабек Икрамов чыгарды.

Токтом долбооруна ылайык, 5-март жыл сайын Ак калпак күнү деп белгиленип, өкмөткө төмөнкү тиешелүү чараларды көрүү боюнча тапшырма берилмекчи:

- ушул токтомду ишке ашырууну;

- башка мамлекеттерден даяр баш кийимдерди – ак калпактарды алып келүүгө тыюу салуу;

- жалпыга маалымдоо каражаттарында телерадио берүүлөрдү жана материалдарды жарыялоону уюштуруу;

- ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып бир айлык мөөнөттө кабыл алынган чаралар жөнүндө Жогорку Кеңешке маалымдоо;

- өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана райондордун жергиликтүү мамлекеттик администрацияларынын башчыларына – акимдерине Ак калпак күнүн майрамдоого арналган иш-чараларды уюштуруу боюнча чараларды көрүү. Ак калпак күнүн майрамдоого арналган иш-чараларды уюштуруу боюнча тиешелүү чараларды көрүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына сунушталмакчы.

Демилгечи депутат Т.Икрамовдун айтымында, демилгенин максаты - кыргыз элинин улуттук салтына колдоо көрсөтүү жана улуттук маданият үчүн сыймыктануу сезимдерин өркүндөтүү.

"Кыргыз элинин улуттук баш кийими – ак калпак өзүнө терең улуттук философияны камтый тургандыгы шексиз. Бул эски кыргыз баш кийими бүгүнкү күнгө чейин республикада кеңири белгилүү. Акыркы мезгилдерде айрым адамдар калпакты мончого кийип алышкан сыяктуу бир катар терс учурлар байкалып келет. Бул алардын улуттук баш кийимди урматтабагандыгын билдирет. Ал эми ишкер адамдар болсо сапатсыз синтетикалык материалдардан тигилген даяр калпактарды коңшу өлкөлөрдөн алып келип жатышат, демек, бул чет өлкөлүк меймандар тарабынан чыныгы ак калпактын кандай болушуна тескери таасирин тийгизбей койбойт. Мына ошондуктан даяр баш кийимдерди – ак калпактарды башка мамлекеттерден алып келүүгө тыюу салуу боюнча чараларды көрүү зарыл",- дейт Икрамов.

Айта кетсек, депутат Т.Икрамов жума намазы үчүн түшкү эс алууну 2 саатка чейин узартуу боюнча мыйзам долбоорунун автору. Парламенттин Социалдык саясат боюнча комитетинин бир катар депутаттары бул демилгесине каршы чыгышкан. Коомдо да бул мыйзам долбоору чыр жараткан. Мындан улам Икрамов бул демилгесин Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында Орозо айынан кийин кароону суранган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан