Бүгүн Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы шайланат

Бүгүн, 27-июнда Кыргыз Республикасынын Шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы шайланат. Маалыматты аталган мекемеден билдиришти. Комиссиянын түштөн кийин өтүүчү жыйынында төраганын эки орун басары да шайланмакчы. Белгилей кетсек, БШКнын жаңы курамы 23-июнда Жогорку Кеңеште шайланган. Президент тарабынан 4, парламенттеги коалициялык көпчүлүк тарабынан 4, оппозициялык фракциялар тарабынан 4 талапкер сунушталып, баары жактырылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан