Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү комитети 27-июнда премьер-министр тарабынан айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри кызматына сунушталган Турдуназир Бекбоевдин талапкерлигин жактырды.
Биринчи вице-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев талапкер буга чейин айыл чарба жана мелиорация министри болуп иштеп келгенин, министрлик Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги болуп кайра түзүлгөнүнө байланыштуу анын жетекчилигине Турдуназир Бекбоевдин талапкерлиги көрсөтүлүп жатканын айтты. Депутаттар Бекбоевди айыл чарба тармагын жөнгө салууга аракет жасаганын, баштаган иштерин улантышы керектигин белгилешти.
Белгилей кетсек, өкмөттүн түзүмүн өзгөртүү демилгесин парламент 22-июнда жактырып, токтом кабыл алган.